Пятница, 17 мая

Жаш бала Жапаровго кайрылды: Давай, мектеп салып бериңиз! (Видео)

0

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровго кайрылып, айылына эки кабаттуу мектеп салып берүүсүн суранган окуучунун видеосу талкуу жаратууда. Анда окуучу президентке салам жолдоп, Балбай баатыр айылына жаңы мектеп салып берүүсүн өтүнүп жатканын көрүүгө болот:

«Садыр Жапаров, мына сиз президент болдуңуз. Биздин Балбай баатыр айылына эки кабаттуу мектеп салып берип койбойсузбу. Азыр мектебибиз көгөрүп, онлайн окууга өттүк. Жаңыдан жакшы окуп баштаганда кайрадан онлайн окууга өттүк. Онлайн. Ошо болмок беле? Давай, эки кабаттуу мектеп салып бериңиз, мектеп салсаңыз анан эл-журт сизди жакшы көрө баштайт», — деп айтып жатканын угууга болот.

Мурда да бул баланын дюшес ичип сүйлөгөн сөздөрү элди таң калтырган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз