Понедельник, 20 мая

АКШда престиждүү деп таанылган журналдын жетекчилигине мусулман дайындалды

0

АКШнын алдыңкы университеттеринен Гарвард юридикалык факультети жарыялаган өлкөнүн эң престиждүү юридикалык журналы Law Reviewдин жетекчиси катары биринчи жолу бир мусулман дайындалды.

134 жылдык журналдын директорлугуна 26 жаштагы мусулман студент Хассан Шахави дайындалды. Теги Египеттен болгон Калифорнияда туулган Шахави жаңы кызматынын юридикалык факультетинин түрдүүлүккө маани  бергендиги жана башка юридикалык салттарына болгон урмат  — сыйды көрсөтүү жактан маанилүү экендигин айтты.

2016 —  жылы Гарвард университетинен Жакынкы Чыгыштын тарыхы жана эмгектери боюнча бүтүргөн Шахави Оксфорд университетинде да Жакынкы Чыгыш жана ислам мыйзамы тууралуу доктора программасында окуду. Шахави учурда качкындардын саны жана АКШнын кылмыш мыйзамдарын реформалоо боюнча иш алып барууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз