Суббота, 4 мая

«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

0

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын төрагасы Бактыбек Сыдыков ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жамаатка жаңы башкы директор катары Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Бакыт Шаршеев тааныштырылган.

Сыдыков «Манас» эл аралык аэропорту» компаниясын 2020-жылдын октябрь окуяларынан бери жетектеп келген. Ошол учурдагы өкмөт башчы Садыр Жапаров эски кадрлар кызматка келбей тургандыгын айткан. Кийинчерээк Сыдыков Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ал бул жумушка төрага болушуна каршы эмес экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Бактыбек Сыдыков да Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз