Пятница, 17 мая

УКМК: Максатбек ажы Токтомушев кармалды

0

Бүгүн кызматын тапшырган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз