Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 10-апрелге чейин камалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Такталгандай, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту түндө кабыл алган. Жеңишбай Бекиев 10-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.
Эскерте кетсек, бухгалтер жана мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
