Пятница, 20 сентября

Ошто мыйзамсыз АЗСтер жабылат

0

20-марттын кечинде Ош шаарындагы май куючу станциялардын биринде жарылуу болуп, бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок. Бирок 3 адам жабыркап, ооруканага түштү. Жарылуу болгондо жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери сынып кетсе, 10 чакты автоунаа зыянга учураган. Кырсык болгон жерге Ош шаарынын мэри барып, мындан ары мыйзамсыз жайгашкан май куючу жайлар текшерилип, коопсуз аймактарга чыгаруу аракетин баштаганын жарыялады.

Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан № 47 үйүнүн жанында «Юго-Восток» май куюучу станциясынан саат 20:15 чамасында жарылуу болду. Окуя болгон жерге өрт кызматкерлери барып, өрттү 22:10дордо өчүрүп үлгүрүштү. Күбөлөрдүн айтымдарында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү автоунаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Өрттүн кесепетинен 3 адам түрдүү жарат алып, бири шаардык, экөө облустук ооруканага жеткирилген. Алардын бири 55 жаштагы жаран бетинен 9-12-даражадагы күйүк алган. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нөөмөттөгү хирургу Аятилло Умурзаков ооруканага түшкөндөгү бейтаптардын абалы тууралуу айтып берди.

Акыркы маалыматтар боюнча, бейтаптардын бирөө үйүнө чыгарылды. Өрттүн кесепетинен май куючу жайдын жанындага автоунаа оңдоочу жайдагы 10 машина зыянга учураган. Кырсык болгон жерди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көрдү. Ал эми ооруканаларга барып, жарат алгандардан кабар алды жана жардам керек болсо, көрсөтүлөөрүн белгиледи. Бул окуядан кийин мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын чегинде текшерилип, талапка жооп бербегендери алына турганын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Ош шаарындагы май куючу жайлардын айрымдары эл жашаган аймакка жакын жайгашып калган. Азыр мамлекеттик экотехинспекциясы аларды текшере албайт. Анткени Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ишкерлерди колдоого алган атайын мараторий тосколдук кылат. Керек болсо пландык текшерүүгө да кое албай жатышкандыктарын Ош шаардык экотехинспекциясынын бөлүм башчысы Асанбек Мамыраимов айтат.

Кыргызстанда айрым учурларда турак үйлөрдүн жанына май куючу жайларды салууга нааразылыгын билдирип, митингдерди уюштуруп келишкен. Бирок эл жашаган аймактагылар жылдырылганы боюнча бир да маалымат чыккан эмес.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын аймагында 40тан ашык май куючу жай болсо, алардын алтоо иштебей турат. Ал эми 17синде экотехинспекция атайын арыздын негизинде ар кандай мыйзам бузуу себептери менен чара көрүү маселелерин карап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз