Пятница, 17 мая

Биринчи класстар бир жумалык кошумча каникулга чыгышты

0

Биринчи класстардын коомго аралашуусу бир аз оор болгонун эске алынып, аларга 3-чейректе кошумча бир жума каникул берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматк ылайык, 2020-жылдын 18-июнунда 2020-2021-окуу жылына карата Базистик окуу планы (БОП) кабыл алынган.

БОПтун түшүндүрмө катында каникулдардын графиги белгиленген. Ага ылайык, окуу жылынын ичиндеги эс алуу күндөрүнүн саны 30 календардык күндөн аз болбошу керек (эгер эс алуу күнү майрам күнүнө туура келсе, бул дагы эске алынат):

  • Күзгү каникулдар: 8 күн;
  • Кышкы каникулдар: 12 күн;
  • Жазгы каникулдар: 10 күн.

 

Кошумча каникулдун даталарын жергиликтүү, регионалдык билим берүүнү башкаруу органдары белгилейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз