Пятница, 22 ноября

Катар НАТОдо өкүлчүлүгүн ачат

0

Катар Бельгиянын борбор шаары Брюсселлдеги НАТО кеңсесинде өкүлчүлүгүн ачат.

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда Брюсселде түзүлгөн келишим менен Катардын НАТО негизинде өкүлчүлүк ачуу чечими кабыл алынды.

Катардын НАТО штаб – квартирасында  миссия ачышы «тараптардын ортосунда жүргүзүлгөн узун мөөнөттүү жана мыкты карым  — катнаштардын жыйынтыгы» экендиги белгиленди.

НАТО менен карым  — катнаштарын 2005 —  жылы февраль айында Стамбул кызматташуу демилгесине расмий мүчө катары кириши менен баштаган Катар 2018 —  жылы НАТО менен коопсуздук, чалгындоо жана аскердик тармактарда келишимдерге кол койгон.

Катардын коргоо министри Халид Бин Мухаммед ел  — Аттийе 2018 —  жылы берген маалыматта өлкөсүнүн «куралдануу жактан аймактын эң маанилүү өлкөлөрүнүн бирөөсү» экендигин белгилеп, максаттарынын НАТОго толук мүчөлүк экендигин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз