Пятница, 20 сентября

Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга айыпталгандар эркиндикке чыгышты

0

Бишкек ЖЭБиндеги откананы оңдоо иштеринде тендер өткөрүүгө айыпталып, кылмыш иши козголгондордун баардыгы шарттуу түрдө эркиндикке чыгышты.

ЖЭБдеги авария боюнча алгач кылмыш иши козголуп, өкүм чыккан чечим күтүлбөгөн жагдайда өзгөртүлдү. 15-мартта Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы сот жообуна тартылган төрт адамга карата сыноо мөөнөтү менен үч жылдан шарттуу жаза мөөнөтүн чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге айыпталгандардын биринин адвокаты Учкун Каримов айтты.

Анын маалыматына ылайык, сот айыпталуучулар келтирилген чыгымды толук төлөп беришкендигине байланыштуу ушундай чечим чыгарган. Кылмыш ишинде сөз 2017-жылы откананы оңдоо иштерине каражат бөлүүдө көз боёмочулук тууралуу болгон. Быйылкы жылы 22-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Электр станциялары” ААКнын башкы директорунун мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу; “Электр станциялары” ААКнын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбековду 7 жылга эркинен ажыратуу; Т. Ниязовдун ишенимдүү өкүлү Канат Деркенбаевди 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сот “Электр станциялары” ААКнын 6 млн. 683 миң сомду бул төрт айыпталуучудан өндүрүп берүү тууралуу доо арызын канааттандырды. Бул акчаны төлөп берген көз боёмочулар эми эркиндикте жүрүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз