Орусия Голан дөңсөөлөрүнүн статусун өзгөртүүгө аракет кылуу БУУ чечимдеринин түздөн-түз бузулушу экендигин жарыялады.
Орусия АКШнын президенти Дональд Трамптын Голан дөңсөөлөрүндө Израилдин бийлигин кабыл алуунун учуру келгендигине карата сөздөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы абалдын ыраатын бузарын жарыялады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматта Трамптын Голан дөксөөлөрү тууралуу сөздөрүн сынга алды.
Дмитрий Песков: «Мындай чакыруулар Жакынкы Чыгышта азыркы учурдагы абалдын ырааттуулугун бузушу мүмкүн»,- деди. Бул пикирдин өз ичинде Жакынкы Чыгыштагы кризистин чечилишине эч бир салым кошо албай тургандыгын, тескери таасири болору боюнча эскерткен Песков азырынча Трамптын бул билдирүүсүнүн жөн гана чакыруу катары калышы керектигин айтты.
Орусия Голан дөңсөөлөрүнүн статусун өзгөртүүгө аракет кылуунун БУУ чечимдеринин түздөн-түз бузулушу экендигин жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова АКШнын президенти Дональд Трамптын «Голан дөңсөөлөрүндө Израилдин бийлигин таануунун учуру келди»,- деген билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.
Захарова Орусиянын «Коммерсант» ФМ радиосуна берген маалыматында Орусиянын Голан дөңсөөлөрүнүн Сирияга таандык экендиги тууралуу принциптүү кыймылга ээ экендигин айтты.
Бул кыймылдын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 497 жана 1981 номердүү чечимдери менен да такталгандыгын белгилеген Захарова : «Израилдин Голан дөңсөөлөрү тууралуу эгемендигин жайылтуу чечиминин мыйзамсыздыгына карата көз карашыбыз өзгөргөн жок. БУУнун Коопсуздук Кеңешин жок деп санап Голан дөңсөөлөрүнүн статусун өзгөртүүгө аракет кылуу БУУнун чечимдеринин түздөн-түз бузулушу»,- деди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердеги барагында : «52 жылдан кийин АКШ үчүн Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү эгемендигин толугу менен кабыл алуунун учуру келди»,- деп билдирген.
Израиль Сирияга таандык Голан дөңсөөлөрүн 1967 — жылдан бери кол астында кармоодо.