Воскресенье, 19 мая

Жапаровдун Казакстандан кийинки сапарлары да белгилүү болду

0

Президент Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине маек курду.

Жапаров маек учурунда президент болуп шайлангандан кийин Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп Казакстанга чакырганын белгиледи.

«Ошондо мен сөз бергем. Менин Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи Казакстанга баратканымдын себеби ошол. Экинчи себеби, биз казак-кыргыз бир тууган элбиз, кошуна элбиз, бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат. Ошентип, мен бир тууган элге бара жатам. Биринчи сапарым Орусия мамлекетине болгонунун себеби – бизде тез аранын ичинде протоколдор жана макулдашууларга кол коюуга даяр болуп калган документтердин болгондугу болду. Эми Кудай буюрса, 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы турабыз», — деди президент.

Өлкө башчысы кийинки сапар 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болорун, андан соң Кытай жана Түркия мамлекеттерине пландар бар экендигине токтолду.

«Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өтө жогорку деңгээлге жеткирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин саясат ушундай», — дейт мамлекет башчы.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстанга мамлекеттик сапар менен учуп кетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз