Понедельник, 6 мая

Кыргызстанда мунай заттарын экспорттоого тыюу салынды

0

Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов ички рынокто мунай жана мунай затынын баасын турукташтыруу максатында кол койгон.

Мамлекеттик Бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына, Финполго, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт коюу тапшырмалары берилген.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз