Пятница, 22 ноября

Бишкекте «Аялдар тилектештик маршы» өтүүдө

0

Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өтүп жатат. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.

Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, «Тынч митингдерге эркиндик» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп алышкан.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурууда. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылууда.

Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз