Воскресенье, 28 апреля

Нью-Йорк шаарында «Гүленди токтот» деген жарнама жарыяланды

0

Фетуллахчы террордук уюмдун (ФЕТӨ) жана анын лидери Фетуллах Гүлендин караңгы тарабы жөнүндө жарыя Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарынын эң белгилүү аймактарынын бири Таймс Скверде жарыяланды.

Шаардын эл эң жыш жайгашкан жери болгон Таймс Сквердеги санариптик ири экранда «Ал Пенсильванияда жашайт. Ал 251 бейкүнөө адамды өлтүрдү. Гүленди токтот» деген сөздөр орун алды.

Эске сала кетсек, буга чейин да, 6-мартта Нью-Йорктун Times Square, Penn Train Station жана Port Authority автобекети сыяктуу эл көп жүргөн жерлерде ФЕТӨнүн караңгы тарабын жана анын дүйнөгө келтирген коркунучун баяндаган санариптик экран орун алган фура жүргүзүлгөн болчу.

Шаарда 3 күн бою кыдырып жүргөн фурадагы санариптик экранда «Радикалдык, антисемиттик экстремисттик топтун башчысы Гүлен Пенсильванияда жашайт. Гүленди токтотуңуз», деген сөздөр орун алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз