Воскресенье, 12 мая

Өзбекстан 660 миң доза AstraZeneca вакцинасын бекер алат

0

Ташкентке 17-мартта 2 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү 660 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет. Бул вакциналарды Өзбекстан COVAX программасынын алкагында бекер алат. Вакциналарды жеткирүү милдетин ЮНИСЕФ алган. Бул тууралуу санитардык-эпидемиялык жана коомдук саламаттыкты сактоо Кызматы билдирет.

Буга чейин Өзбекстандын COVAX программасынын алкагында 2.64 миллион доза AstraZeneca вакцинасын ала тургандыгы айтылган болчу. 2021-жылдын биринчи кварталында өлкөгө вакцинанын 35-40 пайызы алып келинип, калган бөлүгү жылдын экинчи кварталында дүйнөдөгү вакциналардын өндүрүлүшүнө жана бөлүштүрүлүүсүнө жараша келмек.

AstraZeneca вакцинасын сыноого 11636 ыктыярдуу адам катышып, вакцина 70.4 пайызга эффективдүү экендиги далилденген.

Бирок Дания, Норвегия, Исландия, Италия, Германия, Франция, Испания жана Болгария мамлекеттери бул вакцинаны колдонууну токтоткондугу маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз