Ливияда Мухаммед ал-Менфи Президенттик кеңештин төрагасы Фаиз эс-Сарраждан кызматын өткөрүп алды.
Баш калаа Триполидеги премьер-министрдин кеңсесинде өткөн тапшыруу аземи премьер-министр Абдулхамид эд-Дибейбенин катышуусу менен ишке ашты.
«Бүгүн биз тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүү принцибин кабыл алган тарыхый көрүнүштү көрүп жатабыз»,-деп айткан Менфи, ушул жылдын аягында өз өкүлдөрүн шайлоо үчүн бийликти ливиялыктарга өткөрүп берерин билдирди.
Сарраж жаңы өкмөттү ишеним добушун алгандыгы үчүн куттуктап, «Азыркы бийликти тапшыруу, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү принцибинин консолидациясын билдирет»,-деп айтты.
Февраль айынын башында Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында Ливияда өткөн Ливиянын саясий диалог форумунда Мухаммед эль-Менфи Президенттик кеңештин төрагасы жана Абдулхамид Дибейбе Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри болуп шайланган.
Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн премьер-министри Дибейбенин кабинети 10-мартта Сиртте чогулган Өкүлдөр палатасынан 132 макул жана бир калыс добуш менен ишеним добушун алган.
Дибейбе башында турган Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтү кечээ Тобруктагы Өкүлдөр палатасында ант берди.