Пятница, 22 ноября

Министрлик: Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал

0

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө.

Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал экенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев 18-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, карантин боюнча чечимдер коронавирустун жайылышына жараша кабыл алынышы мүмкүн:

«Абал абалды курчутуп ийбеш үчүн өтө кылдат болуу зарыл. Пандемия бүткөн жок. Карантин чараларын киргизүү, чектөөлөрдү баштоо сыяктуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша каралат. Калктын саламаттыгы үчүн кооптуу абал түзүлсө, убактылуу чектөөлөр болушу мүмкүн. Азыр да чектөөлөр менен жашап жатабыз. Маселен, мектептерде окуучулардын бир топ бөлүгү аралыктан окууда».

Үсөнбаев ар бир кыргызстандыкты жоопкерчиликти толук түшүнүүгө чакырды. Бет кап кийип, санитайзер колдонуу зарылдыгын белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз