Пятница, 22 ноября

«Чоң жети» өлкөлөрү Орусияны айыптады

0

G7 өлкөлөрү (Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ) «Орусиянын Украинанын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына зыян келтирген аракеттерин» айыпташкандыгын жана Крымдын аннексияланышын тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин жана Европа Биримдигинин (ЕБ) Жогорку өкүлүнүн биргелешкен билдирүүсүндө “Украинанын көз карандысыздыгына, эгемендигине жана эл аралык деңгээлде таанылган аймактык бүтүндүгүнө болгон чексиз колдоо» дагы бир жолу тастыкталды.

Орусиянын Крымды жана Севастополду мыйзамсыз аннексиялап алышынын 7 жылдыгында жасалган билдирүүдө: «Орусиянын (аннексиялоону) легалдаштыруу аракеттери таанылган эмес жана таанылбайт» деген сөздөр камтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз