Суббота, 23 ноября

Францияда коменданттык саат киргизилет

0

Францияда коронавирусту (Ковид-19) жуктургандардын санындагы өсүүгө байланыштуу Париж менен катар 16 аймакта 20-марттан тарта 4 жума бою толук күн коменданттык саат киргизилет.

Франциянын премьер-министри Жан Кастекс Ковид-19 эпидемиясы боюнча өткөргөн маалымат жыйында, өлкөдө эпидемиянын ылдам жайылышын улантып жаткандыгын билдирди.

Кастекс: «Бул үчүнчү толкун Европанын көптөгөн шаарларында байкалууда. Мунун себеби британ варианты. Ал Ковид-19 учурларынын төрттөн үчөөнү түзөт жана тез жайылууда»,-деп айтты.

Париж баш болгон Иль-де-Франс жана 15 аймакта 20-марттан тарта 4 жумага толук күн коменданттык саат киргизилгенин билдирген Кастекс, бул аймактарда мектептердин ачык бойдон кала берерин айтты.

Кастекс ошондой эле негизги керектелүүчү товарлар сатылган дүкөндөр гана иштей тургандыгын, калгандары жабыларын маалымдады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз