Вторник, 7 мая

Өзбекстанда камактагы 140 кишиге мунапыс берилди

0

Өзбекстанда Нооруз майрамынан улам президент Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлык менен камактагы 140 кишиге мунапыс берилди.

Президенттиктин Басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Мирзиёев Нооруз майрамына карата «кылмыштарына өкүнүп, калыбына келүү жолунда жүргөн туткундарды» кечирүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 140 киши пайдалана ала турган мунапыстын алкагында 73 киши бошотулуп, 67 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Кечирилгендердин 14ү мыйзамсыз уюмдардын мүчөлөрү, алардын 9у 60тан ашкан кишилер, 13ү аялдар жана 12си чет өлкөлүк жарандар.

Жарлыкка караганда, кечирилип эркиндикке чыккан кишилердин эл менен шайкеш келүүсү үчүн тиешелүү министрликтер менен мамлекеттик мекемелер милдеттендирилди.

Өзбекстанда президент тарабынан улуттук жана диний майрамдардан улам түрмөдөгү «кылмышына өкүнүп, калыбына келүү жолунда жүргөн» кишилерге мунапыс жарыяланат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз