Пятница, 3 мая

Катар менен Кытай ири энергетика келишимге кол койду

0

Катар Кытай менен 2 миллион тонна суюлтулган жатарылыш газ LNG сатууну камтыган 10 жылдык келишим түздү.

Катар ээ болгон Qatar Petroleum Кытайга таандык Sinopec Group менен LNG сатуу келишимине кол коюлгандыгы билдирди.

Видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн кол коюу аземине Катардын энергетика иштеринен жооптуу мамлекеттик министр жана Qatar Petroleumдун CEOсу Саад Шерида ал Кааби менен Sinopec Groupтун башкаруу кеңешинин төрагасы Чжан Южуо катышты.

Катардан Кытайга LNG өткөрүп берүүнүн 2022-жылы январь айында башталары да белгиленип, келишимдин 10 жылдык экендиги жана жылдык 2 миллион тонна LNG сатууну камтыгандыгы маалымдалды.

Катар 2009-жылы сентябрь айында Кытайга LNG экспорттой баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз