Орус өкмөтү эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 өлкөнүн студенттерине, аспиранттарына, ординаторлоруна жана даярдоочу курстардын угуучуларына Орусияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берди.
Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин талабы боюнча чет өлкөлүк студенттер окууга кайтаары тууралуу өздөрү билим алган окуу жайга 10 күндөн кеч эмес убакта маалымдоого тийиш. Алар Орусияга кирээрдин алдындагы 72 сааттын ичинде жана киргенден кийинки 3 сутканын аралыгында эки ПЦР тест тапшырууга милдеттүү.
Эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген Казакстан, Кыргызстан, Катар, Азербайжан, Армения, Беларус өңдүү 25 өлкөнүн тизмесине Өзбекстан менен Тажикстан киргизилген эмес.
Орусия өкмөтүнүн мындай чечими тажик бийлигинин нааразылыгын жаратууда. «Орус бийлигинин бул чечими бизди таң калтырууда. КМШ Сатистикалык комитетинин маалыматына ылайык, эпидемиологиялык абал Шериктештик өлкөлөрдүн ичинен баарынан Тажикстанда, андан кийин Өзбекстанда эң жакшы. Бирок бул эки өлкө тең тизмеге кирбей калган», — деп жазылган Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин 21-мартта жарыяланган макаласында.
16-мартта Душанбеге Орусиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин адистери өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалга баа берүү үчүн келишкен. Анда орусиялык адистер кырдаалга баа берип кеткенден кийин Орусия чек араларды ачып, туруктуу аба каттамдарын жандандыруу боюнча чечим кабыл ала турганы күтүлүп жатканы кабарланган.
Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Орусиянын жогорку окуу жайларында 26 миңге жакын тажикстандык студент билим алууда. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алардын көбү аралыктан окуп жатышат.