Пятница, 22 ноября

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлө турган жайлар айтылды

0

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен алгач кайсы аймактарга коронавируска каршы эмдөө пунктулары ачыларын айтышты.

Министрликтен билдиришкендей, вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз