Суббота, 4 мая

Дагы 245 жаранга ырайым берилди

0

Абакта жазасын өтөп жаткан 245 адамга ырайым берилип, анын 89у эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров соттолгон 230 кишиге ырайым берип, 38 жарандын жаза мөөнөтү кыскартылган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылы абакта жазасын өтөп жаткан 975 адамга мунапыс берилип, алардын айрымдары жазадан бошотулганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2020-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, 975 соттолгон адамга мунапыс колдонуу боюнча президентке сунуштамалар жөнөтүлгөн.

Ошол кездеги президент Соронбай Жээнбековдун 8-майдагы жарлыгы менен 69 адам эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулган. Алардын 26сы түзөтүү мекемелеринде, 41и жатак абактарда жазасын өтөп жаткан. Эки адам тергөө абагында отурган.

Жогорудагы мыйзамдын 2-беренесине ылайык, жатак абактан качып кеткен 13 адам эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулган.

Мыйзамдын 3-беренесине ылайык, 893 соттолгон адамдын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылган. Алардын 655и түзөтүү мекемелеринде, 200 адам жатак абакта, 38 адам тергөө абактарында отургандар болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз