Пятница, 22 ноября

Орусияда COVID-19га каршы «КовиВак» вакцинасы өндүрүлө баштады

0

Орусияда коронавируска каршы «КовиВак» вакцинасы өндүрүлө баштады. Чумаков атындагы борбордо иштелип чыккан препарат 2021-жылдын 20-февралында каттоодон өткөн.

Ушуну менен «КовиВак» коронавируска каршы орусиялык үчүнчү вакцина болуп калды. Орусияда андан башка «Спутник V» менен «ЭпиВакКорона» жактырылган.

«КовиВактын» биринчи партиясын таңгактоого Орусиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков катышты. Препарат жакынкы күндөрү аймактарга жеткирилет. Борбор жылына 10 миллион доза чыгарууну пландап жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз