Пятница, 20 сентября

Мусулмандар полицияга Нью-Йорктогу мечиттерди коргоодо жардам беришүүдө

0

Нью-Йоркто “Мусулман коомдук күзөтү” долбоору ишке ашырылууда.
“Мусулман коомдук күзөтүнүн” ыктыярчылары Нью-Йорктун полициясына мечиттер жайгашкан райондордо коопсуздукту камсыз кылууга жардам беришүүдө.
Жакындан бери Нью-Йорктун мусулман коомчулугу жайгашкан Бруклиндин аймагында “Мусулман коомдук күзөтү” деген жазуусу бар автомашиналарды көрүүгө болот. Алар Шаар полициясынын департаменти (NYPD) менен биргеликте көчөлөрдө тартипти камсыз кылышууда.
Долбоордун демилгечиси Сами Уддин Рази Статен-Айленда мечитиндеги жума намазы окулгандан кийин келгендерге “Мусулман коомдук күзөтүнүн” ишмердүүлүгү жана максаты тууралуу айтып берди.
Анын айтуусунда, “Мусулман коомдук күзөтүнүн” катышуучулары ыктыярчылар болуп саналышат.
“Дүйнөнүн баардык булуң-бурчтарында жек көрүү сезиминен улам чиркөө, мечит жана синагогаларга чабуул жасоону көздөгөн адамдар бар. Андыктан биз сак болуп, күнөөсүз адамдар кылмышкерлердин курмандыгына айланбоосун камсыз кылышыбыз керек”,- деди Адамс.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз