Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жүк келди

0

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген кезектеги гуманитардык жүктү өткөрүү аземи өттү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, кол кап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, көз айнек, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат, ПЦР аппараты болгон. Жардамдын жалпы суммасы 63 млн сомдон ашат.

Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө ишенерин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз