Тайвандын Хуалянь шаарында поезддин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында 36 адам каза болуп, 60 адам жаракат алды.
Улуттук маалымат каражаттарынын Тайвандын Транспорт министрлигине таянып берген кабарына караганда, 350 жүргүнчүнү ташыган 8 вагондуу поезд Хуалянь аймагына кирген туннелде рельстен чыгып кетти.
Поезддин 4-5-вагондору олуттуу зыянга учурап, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.
Кырсыктан 36 адам каза болуп, 60 адамдын жаракат алгандыгы аныкталды.
Тайвандын лидери Цай Инг-вэн тиешелүү министрликтерден жана уюмдардан кырсык боюнча керектүү иликтөөлөрдү баштоону талап кылды.