Вторник, 23 апреля

2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар акысыз берилет

0

Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет.

Өкмөттөн билдиришкендей, бул нерсе президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылат.

«2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернатта жашаган 16 жаштагы балдарга 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта акысыз берилет», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттөн билдиргендей, паспортун жоготуп алгандарга бул эреже иштебейт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз