Вторник, 16 апреля

Парламентте кыз ала качуунун жазасын күчөтүү сунушталды

0

Бүгүн парламентте кыз ала качуунун жазасын күчөтүү сунушталып, депутат Марлен Маматалиев кыз ала качкандарды 10-15 жылга чейин кесүү демилгесин көтөрдү.

“Жазык кодексинин 175-беренесинде кыз ала качуунун жазасы 2-5 жыл экен. Биринчиден, ушул берененин аталышын жокко чыгаралы, бизде “никеге туруу үчүн ала качуу” деген түшүнүк болбосун. Аны “адам уурдоо” деп атап 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын карайлы. Ушул мыйзамга өзгөртүү киргизип, жакынкы арада коомдук талкууга чыгаралы. Бурулай, Айзада, кийинкиси дагы ким болот? Бүгүн кечээги кылмышка жоопкерчиликтүү адамды дагы жумуштан алалы. Ушундай жол менен чекит коё алабыз. Беш жылдын ичинде 900 кызды ала качышкан. Анын канчасы аман калганы белгисиз”, — деди Маматалиев.

Аны менен катар Эмил Токтошев да мыйзамга өзгөртүү киргизип, жазаны эки эсе күчөтүүгө чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз