Суббота, 18 мая

Түркмөнстанда алабай итинин урматына майрам күнү белгиленди

0

Түркмөнстанда улуттук сыймыкка айланган алабай итинин урматына майрам негизделип, аны түркмөн эли 25-апрель күнү белгиледи. Бул тууралуу Guardian гезити жазды.

Ушул эле күнү Түркмөнстан ахалтекин жылкысынын күнүн да белгилейт.

«Майрамда Ашхабад шаарында алабай породасындагы иттердин сынагы өтүп, анын жеңүүчүлөрүнө президент Гурбангулы Бердымухамедов менен уулу Сердар экөөлөп белектерди тапшырды. Биринчи орунду алган итке медаль тагылып, кожоюну президенттин колунан автоунаанын ачкычын алды», — деп айтылат кабарда.

Өлкөнү 2007-жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин алабай ити тууралуу китеп жана ыр жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз