Воскресенье, 19 мая

Бишкекте кошумча стационарлар ачылат

0

Кечээ, 27-апрелде биринчи вице-премьер министр Артем Новиков коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

«Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык», — деди Новиков.

Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз