Суббота, 23 ноября

АКШда эмдөөдөн өткөндөр беткапсыз жүрө алышат

0

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) коронавируска каршы вакцинаны толук алган адамдардын үйдө жана эшикте эл көп болбогон жерлерде беткапсыз жолугушуусунда маселе жаралбаганын билдирди.

Ковид-19 вакцинасынын эки дозасын тең алган америкалыктар үчүн бөлүшүлгөн жаңы колдонмодо, тышта машыгуу, тамактануу же коомго аралашуу үчүн беткапсыз чогула алышары белгиленди.

Эмделген адамдардын вакцинацияланбаган башка үй-бүлөлөр менен да жабык жайларда же сыртта маскасыз жана социалдык аралыкка көңүл бурбастан чогулса болот деп айтылып, мындай топтордо Ковид-19ду жуктуруп алуу коркунучун күчөтүүчү айрым ооруларга чалдыккан адамдар болбошу керектиги баса белгиленди.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору муну менен бирге маска кийүүнүн дагы деле коопсуз экендигин баса белгилеп: «Сытка маскасыз чыгуудан мурун жеке абалыңызды, үй-бүлөңүзгө жана айланаңыздагы адамдарга келтирилген тобокелчиликтерди эске алууңуз маанилүү», деп билдирди.

Экинчи жагынан Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору чачтарачтар, иш-чаралар, параддар, соода борборлору, сыйынуучу жайлар жана музейлер сыяктуу жерлерде толук эмдөөдөн өткөн адамдарга да маска кийип жүрүүнү сунуштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз