Суббота, 18 мая

«Спутник V» вакцинасын сатып алууга бюджеттен 600 млн сом бөлүндү

0

Кыргызстан Орусиянын «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн дагы 600 миллион сом каражат бөлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, вакцина каражаттын топтолгонуна жараша алынат.

«Бир миллион доза келери күтүлүүдө. Каражаттын түшкөнүнө жараша вакцина сатып алынат. Бир доза Кыргызстан үчүн 9-10 долларга турууда», — дейт министр.

Ошондой эле министр алынган вакцинанын саны чектелүү болгондугуна байланыштуу (20 миң доза), «Спутник V» Бишкек шаарынын аймагында гана 65 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорусу бар кыргызстандыктар ала аларын белгиледи.

«Сактоо шарты боюнча көйгөй эч жерде болбойт. Ооругандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталып жаткандыктан баш калаага көбүрөөк басым жасалууда», — деди министр.

Өткөн аптада Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген. Калган каалоочулар үчүн азырынча кытайлык Sinopharm препараты бар. Эске салсак, март айында гуманитардык жардам катары 150 миң доза келген. Калкты коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз