Пятница, 3 мая

Чек ара чырында жабыркагандарга гумжардам чогултулууда

0

Бишкектеги активисттер кыргыз-тажик чек арасынан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын бири Токтошбай Муктар уулунун айтымында, эки фура Бишкектеги Ош базарына жакын аймакка токтотулган.

“Азык-түлүк, жылуу жууркандарды чогултуп жатабыз. Акцияны Ош базардан баштадык. Жардамды Бишкектеги колу ачык адамдар берип жатышат. Азырынча фуралар толо элек”, — деди.

30-апрелде Ош шаарынын мэриясы Баткенге 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер менен биргеликте дагы 2 млн. сомдук азык-түлүк жөнөттү.

Мындан тышкары Кыргызстандын жер-жерлеринде Баткенге гумжардам жөнөтүү демилгелери көтөрүлүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз