Суббота, 18 мая

“Кызыл Жарым Ай” уюму Баткендеги жабыркагандарга жардам көрсөттү

0

Кызыл Жарым Ай уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлү  Баткендеги эвакуацияланган жарандарга гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кызыл Жарым Ай” уюму Баткенде эвакуацияланган адамдарга азык-түлүк жана психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантууда. Мындан тышкары, убактылуу көчүрүлүп келгендер үчүн 100 гигиеналык кийим-кече таратылат. Рават айылына эвакуацияланган 1500дөн ашуун жарандар үчүн 250 гигиеналык кийим-кече жана 250 жууркан жөнөтүлөт. Бул гуманитардык жардам Лейлекке атайын учак менен жеткирилет.

Кечээ, 29-апрелде түндө “Кызыл Жарым Ай” эвакуациялангандарга кошумча колдоо көрсөтүү үчүн гуманитардык жардамдарды өткөрүп берди. Алар: кагаз салфеткалар, даарат кагаздары, антисептиктер, аптечкалар, шейшептер, тазалоочу каражаттар, беткалар, кол каптар, суюк самын, бинттер, балдар үчүн оюнчуктар, жеке коргонуу каражаттары, бир жолку идиш-аяк.

Калкты колдоо максатында Ош жана Жалал-Абад облустарынан “Кызыл Жарым Айдын” кырсыкка каршы күрөшүү топтору Баткенге жөнөтүлдү.

“Кыргызстандын Кызыл Жарым Айы” жер которгон жарандарга жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн тез арада каражат чогултууну улантууда. Акчаны төмөнкү жолдор менен которсоңуз болот:

1) О! деньги тиркемеси аркылуу 0502 300 190 номерине

2) Кыргызстандын Кызыл Жарым Айынын расмий номеринин балансына 0502 300 190

3) Visa жана Master Card аркылуу donate.redcrossredcrescent.org/kg/helpbatken

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз