Чек ара маселеси боюнча протокол түзүлүп, кол коюлду

0

Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын 1-майдагы жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

“Бүгүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында жолугуп, эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы төрт пункттан турган протокол кабыл алдык. Ооба, Кыргызстан менен Тажикстандын элдери эң оор мезгилди башынан кечирип жатат. Эки өлкөдө трагедия орун алды. Бизге бул убакытта жолугуу оор болду, бирок мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз бул иш-чараны өткөрдүк».

Ташиевдин айтымында, жолугушуунун жыйынтыгында ок атууну толук токтотуу жана чек арага жакын турган бардык аскерлерди чыгаруу макудашылды. Ал протоколдун мазмуну тууралуу айткан жок. Аймакта тынчтык орноп, протоколдо белгиленген чечимдер аткарылат деген ишенимин кошумчалады.

Тажикстандын делегациясын жетектеген Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы мындай окуялар кайталанбашы керек деп айтты.

«Трагедия эч качан кайталанбашы керек. Анткени, бул аймакта биздин эл узак убакыттан бери ынтымакта жашап келет. Биз, саясатчылар, эки эл тынчтыкта жана достукта жашашы үчүн бардык маселерди чечишибиз керек. Бүгүн кыргыз-тажик жеринде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн принципиалдуу келишимге жетиштик. Кыска убактта бардык маселелерди чечип, биздин эл мурдагыдай достукта жашап, толук туруктуулук орнойт деп ишенем”.

Баткенде Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө тилкеси 1-майдын түнү ачылды.

Жол алгач тажик тараптан 28-апрелде жабылып, 30-апрелде ачылган. 1-майда аны тажик тарап тосуп алганы айтылган.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты.20-миңдей адам үй-жайын таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болду. Кыргызстанда 1-2-май каза тапкандарга аза күтүү күнү жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз