Суббота, 23 ноября

Өзбекстан жана БАЭ $10 млрд. келишимге кол коюшту

0

Макулдашуу Өзбекстандын президенти жана Эмираттын мураскер ханзаадасынын Абу-Дабидеги сүйлөшүүсүнүн алкагында жетишилди.
Өзбекстан жана БАЭ жалпы суммасы 10 млрд. долларды түзгөн бир катар макулдашууларга кол коюшкандыгын Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.
Бул макулдашуулар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Эмираттын Абу-Дабидеги мураскор ханзаадасы шейх бин Заид Аль Нахаяндын БАЭнин борборундагы сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жетишилди.
“Өзбекстан жана БАЭнин ортосунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Инвестиция, каржы, альтернативалуу энергетика, өнөржайлык жана инфраструктуралык өнүгүү, айыл чарбасы, бажы администрациясы тармактарына инвестиция тартуу боюнча макулдашууларга кол коюлду”,- деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Мындан мурда Мирзиёев Буйрукка кол коюп, ага ылайык 2019-жылдын 20-мартынан тартып БАЭ жарандары үчүн 30 күндүк мөөнөттө визасыз режим киргизилген, ал эми ишкерлерге жылдык визалар бир нече ирет берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз