Пятница, 17 мая

Түркиядан Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника келди

0

Түркиядан Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик мультиагностикалык клиника келди. Клиникаларды берүүгө 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Мекке шаарында кол коюлган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, аталган долбоордун башкы аткаруучусу калкты медициналык жардам менен камсыздоо үчүн мобилдүү ооруканаларды жана клиникаларды даярдоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген «NORMECA AS» компаниясы болуп саналат.

Аталган клиникалар Түркиянын заводдорунда даярдалып, республиканын алыскы аймактарында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз