Воскресенье, 5 мая

Американын Газага пайдасы тиеби?

0

Америка Кошмо Штаты (АКШ) Газаны калыбына келтүүгө жардам берет. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен билдирди. Жакынкы Чыгышта сапарда жүргөн Блинкен Палестина менен дипломатиялык канал катары пайдаланып келген Иерусалимдеги консулдукту кайра ачуу процессин алга жылдыруу аракети көрүлөрүн кошумчалады. Консулдук мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда жабылган.

Рамаллада палестин автономиясынын президенти Мамхуд Аббас менен жолугушуудан кийин Вашингтондун өкүлү быйыл палестиналыктарга кошумча 75 миллион доллар экономикалык колдоо катары берилерин, 5 жарым миллион доллар Газаны калыбына келтирүүгө, дагы 32 миллион доллар БУУнун Палестинага жардам берүү агенттигине бөлүнөрүн айтты.

Мамкатчы ошондой эле Вашингтон ал жардамдын Газаны көзөмөлгө алган ХАМАС тобунун колуна тийүүсүн алдын алуу аракетин көрөрүн белгиледи.

Блинкен Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо чечимин колдоо иретинде регионду кыдырып жүрөт жана шейшембиде жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху менен жолуккан.

Изаиль-Палестина ортосундагы соңку жаңжалда 250дөн көп киши курман болду, көбү палестиналыктар, арасында бейкүнөө балдар менен аялдар бар.

Тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу 21-майда макулдашкан. Бирок анда ортодогу негизги маселелер тууралуу сөз болгон эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз