Воскресенье, 19 мая

Армения кайрадан ок атышпоо келишимин бузду

0

Азербайжандын Коргоо министрлиги, армян армиясынын ок атышпоо режимин бузгандыгын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, армян армиясынын 24-26-май аралыгында Гегаркуник облусундагы позицияларынан Азербайжан армиясынын Келбежер жана Гедебей облустарындагы позицияларына белгилүү аралыктарга ок аткандыгы кабарланды.

Армения тараптын чагымчыл максаттарда Шушанын айланасындагы Азербайжан позицияларын да аткылагандыгы белгиленди.

Азербайжан армиясынын атылган окко жооп бербегендиги жана адам өмүрү кыйылбаганы маалымдалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз