Пятница, 22 ноября

Гюленчилердин лидерин уурдап кетишти

0

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда.

Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты. Орхан Инандын жоголгондугу жөнүндө милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Инандынын «01KG 599AHR» мамлекеттик номерлүү «Lexus 470» үлгүдөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, анын ээси Орхан Инанды 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени белгиленген.

Орхан Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алганы айтылган Орхан Инанды Кыргызстандагы жыйырмадан ашуун «Сапат» жеке лицейин, «Ататүрк-Алатоо» университетин негиздеген.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз