Четверг, 25 апреля

Сутка ичинде коронавирус 459 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 459 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 178, Ош шаарында – 122, Чүй облусу – 3, Ош облусу – 46, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 64, Баткен облусу – 21 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 257 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 132, Ош шаарында – 35, Чүй облусу – 33, Ош облусу – 15, Талас облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 16, Жалал-Абад облусу – 18, Баткен облусу – 3 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 41 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 949 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 343 бейтаптын абалы орто оордукта, 582 адамдын абалы оор жана 96 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 110 миң 829 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 890 киши айыгып чыкса, 1 миң 899 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз