Пятница, 26 апреля

Орусиядагы мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтү узартылды

0

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында мигранттардын убактылуу жүрүүсүн санкциясыз калтыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылды.

15-июнда мигранттардын Орусияда жүрүүсү боюнча президент Владимир Путиндин жарлыгынын мөөнөтү аягына чыкты. Ага ылайык, Орусияда убактылуу жүргөн мигранттар эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу каттоосунун мөөнөтүн узартпай эле жүрө алмак. Бул документ 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирген.

«Бул чечим санитардык-эпидемиологиялык абалды курчутпоо жана жогорку топко кирген чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн кабыл алынды. Жарлык күчүндө турган маалда миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктер мекенине депортацияланбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

30-сентябрга чейин Орусияда жүрүп, аталган нормаларды бузган чет элдиктер миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдарга кайрылып, каттоого туруу, патент алуу маселелерин бүтүрө алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз