Пятница, 26 апреля

Кыргызстанга 80 миң доза «Спутник V» вакцинасы алып келинди

0

Бишкекке «Спутник V» вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди.

Жүк «Манас» аэропортуна түшүрүлүп, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алды.

Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы алып келинерин буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлаган. Анын айтымында, вакцинанын бир бөлүгү гумжардам катары берилсе, бир бөлүгү сатып алынат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов дагы жакынкы аралыкта Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы, «Спутник V» препаратынын 80 миң дозасы алынарын айткан болчу.

Кыргызстанга апрель жана май айларында орусиялык вакцина алып келинген. Анын саны чектелүү болгондуктан 65 жаштан жогорку курактагылар менен өнөкөт оорусу барларга колдонулган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз