Воскресенье, 12 мая

Сутка ичинде коронавирус 653 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 653 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 269, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 69, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 372 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 215, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 1, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 14 адам», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 206 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 946 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 475 бейтаптын абалы орто оордукта, 618 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 113 миң 430 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 104 миң 302 киши айыгып чыкса, 1 миң 920 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз