Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 730 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 321, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда – 65 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 344 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 1205, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 47, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда – 15 адам», — деп айтылат билдирүүдө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 6110 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 547 бейтаптын абалы орто оордукта, 7097 адамдын абалы оор жана 99 бейтап өтө оор абалда жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 50 киши айыгып чыкса, 1 миң 931 адам каза болду.