Воскресенье, 19 мая

Армениядагы парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы алдыга чыкты

0

Армениядагы шайлоодо премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» партиясы ири айырмачылык менен алдыда келе жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, 2008 шайлоо участкаларынын 1378индеги добуш берүүнүн маалыматына ылайык (болжол менен 1 миллион 281 миң шайлоочунун 758 425 шайлоочусунун добушу иштелип чыккан) «Жарандык келишим» 56,53% ээ болуп, Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочаряндын «Айастан» (Армения) блогу 19, 56% добуш алган.

Кийинки орундарда «Менде Намыс бар» блогу (Артур Ванецян) — 5,34% жана «Гүлдөгөн Армения» партиясы (Гагик Царукян) — 4,4%. Калган күчтөр 2 пайыздан көп эмес добушка ээ.

Арменияда 20-июнда өткөн кезексиз парламенттик шайлоого 21 партия жана 4 блок катышкан. Добуш берүүгө 2,578 миллион жарандын ичинен 1 281 174 же 49,4% катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз