Пятница, 3 мая

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышына 61 адам талапкерлигин койду

0

Бүгүн, 21-июнда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептери боюнча сыналып жатышат.

«Сынактын биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өткөрүлүүдө. Андан ийгиликтүү өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда, баарлашууга чакырылат», — дешти муфтияттан.

Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешине 21 адам мүчө боло алат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз