Пятница, 20 сентября

Түркияда атайын кызматтын мурдагы кызматкери Карловдун иши боюнча көрсөтмө берди

0

Анкарада Андрей Карловго кол салуу боюнча сот иши уланууда.

Орусиялык дипломатка кол салууга катышкандыгы тууралуу айыптоо 28 адамга коюлган, анын арасында Фетхуллах Гүлендин “Параллелдүү мамлекет” (FETÖ)  деп аталган террордук кыймылынын башчысына да.

Анкаранын оор кылмыштар боюнча соттук жыйынында шейшемби күнү, 26-мартта айыпталуучулардын бири, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) Россия боюнча контрчалгындоо бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Вехби Күршада Акалынанын көрсөтмөсү угулду.

Акалын чалгын кызматында 2014-жылдан тартып, Россия боюнча контр чалгын бөлүмүндө – 2015-жылдын февралынан бери иштегендигин билдирди.

MITтин экс-кызматкеринин айтуусунда, анын милдети маалымат чогултуу эмес, аны иликтеп чыгуу болгон.

«Мен маалыматым бар жалгыз гана жагдай россиялык чалгын кызматтарынын кызматкерлеринин жана алар менен байланышкан адамдардын телефон чалууларын жана аларга чалынган номерлер болгон», — деди Акалын.

Айыпталуучунун айтуусунда, ал телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшай алган эмес, бул боюнча MITте кызматкерлердин баардык аракеттери менен операциялары жазылып калат.

“Мен кызматтан алынганча MITтин серверине баардык өзүмдүн жасаган иштеримди каттаганмын.  Контр чалгын кызматынын кызматкеринин элчинин күзөт кызматкеринин маалыматын билүүгө укугу жок. Мен ага кызыккан да эместигимди кызматтан бошотулганга чейинки – 2017-жылдын 13-апрелине карата чалгын кызматынын серверинин маалыматтарын анализдеп ишенсе болот. Баардык иштеген мезгилимде жетекчилик мени оң мүнөздөгөн. Мен – эки ирет “Мыктылыгы үчүн” диплому ыйгарылган жалгыз бул деңгээлдеги кызматкермин”,- деди Акалын.

Анын айтуусунда, Фетхуллах Гүлендин (FETÖ)  террордук кыймылы менен байланыш боюнча баардык шектенүүлөр мурда эле, РФнын элчисине кол салууга чейин эле пайда болмок.

«Мени бир адамдын айынан FETÖ менен байланышы бар деп айыпташты. Мен бул кол салуу менен эч кандай байланышкан эмесмин”,- деди  Акалын.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз